Күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо маселеси каралды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо боюнча кезектеги жыйын өткөрдү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымат берилди.

Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери күйүүчү май рыногундагы учурдагы абал, учурдагы кордун көлөмү, мунай продуктулары менен камсыздоо боюнча маалымат беришти.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жана уюмдарга бир катар тапшырма берилди.

Жакында Кыргызстан менен Россиянын ортосунда Россиядан айына 100 миң тоннага чейин күйүүчү-майлоочу май жеткирүү боюнча келишими түзүлгөн.  

Ал эми эки өлкөнүн өкмөттөр аралык келишими боюнча Россия Кыргызстанга  жылына 1,2 млн тонна күйүүчү-майлоочу май жеткириши керек.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты