Күйүүчү май ташуучу унаа оодарылып, 8 куб май өрттөндү
- 4 ай мурун
Кечээ, 23-августта, Жалал-Абад облусунун Аксы районунан өткөн Кербен-Таш-Көмүр унаа жолунун 8-9-чакырымында күйүүчү май ташуучу унаа оодарылып кеткен.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен унаадан чыккан тилсиз жоо саат 18:07де толук өчүрүлгөн.
Кырсыктын кесепетинен унаадагы 8 куб мазут күйгөн. Өрттүн көлөмү чоң болгондуктан, 15 гектар жердеги куураган чөп да күйгөн.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү