Көчкү алдында калгандарды издөөгө кошумча күч тартылды

  • 2 года мурун

Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Жалал-Абад)  альтернативдик унаа жолунун (Көк-Арт ашуусу) болжол менен 332-чакырымында жана 338-чакырымында кар көчкү түшүп, дайысыз болгон “Чайна Роуд” ишканасынын 4 кызматкерин издөөгө кошумча күчтөр тартылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Бүгүн унаа жолундагы тоннелдин түштүк тарабына изилдөө жана издөө иш-чараларын улантуу максатында Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары майор  Токтосуновдун жетекчилигинде Сузак району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, №2 өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу, КР ӨКМнин гидрометеорология агенттигинен 4 кызматкер, ӨКМдин Жалал-Абад шаардык бөлүмүнөн 10 куткаруучу, ӨКМге караштуу кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан көчмө башкаруу пункту менен ыкчам тобу, ӨКМдин өзүнчө-куткаруу отрядынан 21 куткаруучу тартылды.

Ал эми, Чек ара кызматынан 1 кызматкер жана 2 кинолог, тез жардам кызматынан 1 бригада жана 2 атайын техника (1 бирдик жүктөгүч, 1 бирдик эксковатор) тартылды.

Жалпысынан 46 куткаруучу издеп жаткандыгы маалымдалды.

14-февралда «Түндүк-түштүк» (Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунун 326-чакырымынан 346-чакырымына чейинки аралыкта 25 жерден кар көчкү түшүп, (8 чоң, 17 кичи) “Чайна Роуд” ишканасынын 4 кызматкерин басып калган. . Ал эми кар көчкү алдында калгандар эмнеге табылбай жаткандыгын айтып, алардын жакындары жана жергиликтүү тургундар нааразы болууда.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты