«Ютуб» каналынын баракчасында кылмыштуу топтун идеяларын таратууга шектүү кармалды

  • 5 месяцев мурун

«Кабар Медиа» баракчасында уюшкан кылмыштуу топтун идеяларын тараткан белгисиз жаран тартылган видео тасма табылган. Видео тасмадагы киши Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сафаровка айылынын тургуну 1991-ж.т. С.у.К. экендиги аныкталып, кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекетти комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.   

Маалыматта айтылгандай, 21-июль күнү кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында видео тасмадагы адамдын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сафаровка айылынын тургуну 1991-ж.т. С.у.К. экендиги аныкталып, кармалды. Ал жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенет, соттолбогону жана ИИМ каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катарында катталбагандыгы аныкталды.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты