Юнистрим» Өзбекстандагы ишмердүүлүгү токтогону тууралуу маалыматты четке какты

  • 1 год мурун

Юнистрим» системасы аркылуу Өзбекстанга акча которуулар уланууда жана UzCard, HUMO карталарына акча которуудагы лимит көбөйтүлдү.

Бул тууралуу ТАСС агенттиги аталган системанын басма сөз кызматына шилтеме кылып кабарлады.

«UzCard жана HUMO карталарына акча которуудагы лимит айына дээрлик 165 миллион сумга (14 миң доллар) чейин көбөйтүлдү. Каражат рубль менен жөнөтүлүп, Өзбекстандагы банктарга улуттук валютада түшүүдө», – деп жазылган системанын билдирүүсүндө.

Буга чейин Өзбекстандын бери дегенде эле беш банкы орусиялык «Юнистрим» акча которуу системасы менен кызматташууну токтоткону, буга аталган системанын АКШнын санкциялык тизмесине киргизилгени себеп болгону кабарланган.

21-июлда «Ипотека-банк», 24-июлда «Халкбанк» менен «Трастбанк» жана 25-июлда «Туронбанк» менен «Хамкорбанк» «Юнистрим» менен иштешүүнү убактылуу токтотконун билдиришкен. Ошол эле маалда банктар 25-июлдан тарта бул система аркылуу акча которуулар улуттук валютада гана жүргүзүлө турганын кошумчалашкан.

Өткөн жылы июлда Өзбекстандагы «Капиталбанк» «Контакт», «Золотая Корона» жана «Юнистрим» системалары аркылуу акча которуу кызматтарын токтоткон. Анда банк бул чечимин «шектүү операциялар менен» түшүндүргөн. Быйыл февралда «Ипак йули» банкы «техникалык себептерден улам» «Юнистрим» аркылуу акча которууларды токтоткон.

Күн мурун Economist.kg басылмасы Кыргызстандагы «Компаньон», Finсa банк, «РСК Банк», «Халык Банк» жана «Капитал Банк» «Юнистрим» системасы менен кызматташууну чектегенин кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты