ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине Сагымбай Орозбаковдун «Манас» эпосунун варианты да сунушталган

  • 2 года мурун

Президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында БУУнун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча (ЮНЕСКО) Башкы директору Одри Азуле менен жолугушту.

Климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин алдын алуу, маданий жана тарыхый мурастарды сактоо жаатындагы кызматташтык маселелери боюнча пикир алышты.

Ал тоолуу өлкөлөрдүн климатынын өзгөрүүсү, илимий-изилдөө иштерин күчөтүү жана Кыргыз Республикасынын мөңгүлөрүнүн абалы жөнүндө билимди жогорулатуу үчүн жаңы институттарды жана багыттарды түзүү боюнча маселелерде кызматташтыкты кеңейтүүгө көңүл бурду.

Мамлекет башчысы ЮНЕСКОнун «Дүйнө мурасы» программасынын ишмердүүлүгү кайра жанданганына канааттангандыгын билдирип, анын алкагында Кыргызстан 2021-жылдын 30-ноябрында манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы «Манас» эпосунун кол жазмасын киргизүү сунушун бергенине токтолуп, Кыргыз Республикасы маданияттар аралык кызматташтыктын өнүгүшүнө салым кошууга умтулуп жатканын кошумчалады.

ЮНЕСКОнун Башкы директору Одри Азуле өз кезегинде Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты