ЮНЕСКО 22-сентябрды «Көчмөн мурас” эл аралык күнү деп жарыялады
- 1 месяц мурун
6-ноябрда Кыргыз Республикасынын демилгеси менен ЮНЕСКОнун башкы конференциясынын 43-сессиясында 22-сентябрды “Көчмөн мурас” эл аралык күнү деп жарыялоо боюнча резолюция бир добуштан кабыл алынды.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.
Бул демилгени ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын катчылыгы жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан активдүү жүргүзүлгөн.
Резолюциянын максаты — көчмөн элдердин дүйнөлүк цивилизацияны өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымын таануу, маданий диалогду бекемдөө жана туруктуу өнүгүү принциптерин илгерилетүү.
Сүрөт: ТИМ
Муну бөлүшүү




