Юлий Худяков кыргыз тарыхына чоң салым кошкон  

  • 3 года мурун

Бүгүн, 25-декабрда, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, экс-президент Роза Отунбаева жана мамлекеттик ишмерлер, окумуштуулар, тарыхчылар Юлий Худяковдун көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, досторуна, жакындарына көңүл айтты.  

Юлий Сергеевич 1947-жылы 8-декабрда Орусиянын Кемерово облусунун Крапивинский районундагы Медвежка айылында туулган.

Расмий некрологдо Худяковдун бүт өмүрүн илимге жана кыргыздардын тарыхын изилдөөгө арнагандыгы,  Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына кошкон салкондугу айтылат.  Ю.Худяков Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары – III даражадагы “Манас” жана “Данакер” ордендери менен сыйланган.

Юлий Сергеевич Худяковдун бүткүл өмүр жолу – өз ишин берилгендик менен аткаруунун жана талыкпас илимий изденүү менен талап кылынган граждандык парзын аткаруунун өрнөгү.Юлий Сергеевич кыргыз элинин эсинде кыргыз элинин улуу досу катары кала берет, -деп айтылат некрологдо. Окумуштуу

Окумуштуу Юлий Худяков 24-декабрда к\з жумду.

Сүрөттө: Юлий Худяков. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты