“Юг-Спецавтоматика” ЖЧК директору кармалды
- 3 года мурун
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан Жалал-Абад облусундагы капиталдык курулуш дирекциясынын жооптуу кызматкерлери подрядчы уюм менен Сузак районунун Талаа-Булак айылындагы А.Матиев атындагы №76 орто мектептин курулушунда курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүнүн баасын жогорулатуу боюнча өз ара сүйлөшүп алышы мүмкүн болгон фактысы аныкталды.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Юг-Спецавтоматика” ЖЧКнын аткарылган иштердин актылары менен аталган мектепти кабыл алуу документтеринде айырмачылыктар аныкталган.
Аталган кылмыш иши боюнча аудитордук текшерүү дайындалып, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 4 миллион 912 миң 888 сом зыян келтирилгени белгиленген.
“Юг-Спецавтоматика” ЖЧКнын директору К.Т.И. УКМКнын кызматкерине бааларды макулдашуу маселесинде «оң жагына чечүү» үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштап, берип жаткан жеринен кармалды.
2-ноябрда “Юг-Спецавтоматика” ЖЧКсынын директору К.Т.И. жазык кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмышка шектүү делип, жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Жалал-Абад ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда тиешелүү тергөө жүрүп жаткандыгы маалымдалды.
Сүрөттө: Кармоо учуру. УКМК басма сөз кызматы тарабынан сунушталган сүрөт.