Үйлөрдү түрттүрүү, “снос” маселеси. Башкы прокурор депутаттын суроосуна жооп берди
- 4 дня мурун
Жогорку Кеңештин контитуциялык мыйзамдар жана укук тартиби комитеттеринин биргелешкен жыйынында башкы прокурор Максат Асаналиев 2024-жылдагы ишмердүүлүк боюнча отчет берди. Бүгүнкү күндө “бум” болуп жаткан үйлөрдү түрттүрүү, “снос” маселеси боюнча депутат Бакытбек Марипов прокурорго мындай суроо узатты:
-Кээ бир жерлерде Кызыл китеби, менчик укугу бар жерлер да бузулуп жатат. Эч кандай компенсация төлөнбөй, жеке менчик укугу бузулууда. Соцтармактарда көрсөтүүдө, ыйлатып, сыздатып, экскаватордун алдына жата калса да, бузуп салып жатышат. Ушулар боюнча да тиешелүү жетекчилергеби, мэр, айыл өкмөттөргөбү, чара көрүлүшү керек деп ойлойм, -деди депутат Марипов.
Депутаттын суроосуна башкы прокурор Асаналиев мындайча жооп узатты:
-Коомдо болуп жаткан өтө көйгөйлүү маселени көтөрдүңүз. Мен өз оюмду билдирсем, оюм мыйзам чегинде. Биздин баш мыйзамыбыз болгон Конституцияда так, даана жазылып турат, “Менчик кол тийгис” деп. Кимдин колунда мамлекет тарабынан берилген актысы болсо, ал жаранга, эгер мамлекеттик муктаждык болуп, жерин же мүлкүн алуу маселеси каралса, сөзсүз компенсация каралышы керек же ошого ылайыктуу башка жерден мүлк же жер болобу, кыймылсыз мүлк берилиши керек. Андан башка кызыл сызыктан чыгып чыккан жерлерди бузуулар жүргүзүлүп жатпайбы, ал боюнча өзгөчө маселе, Бишкек, Ош шаарларында болуп жатат. Бул менин маалыматыма ылайык, бүгүнкү күнү эч бир документи жок, өзүм билемдик менен коюп алган курулуштар. Ош шаарын өзүңүз жакшы билесиз, азыр мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик тарабынан жолдорду кеңейтүү, жашоочуларга шарт түзүү маселелери каралып жатат. Жолду салса, тротуарга чейин, арык системаларына чейин басып алган. Ал нерселер менин оюмча, мыйзам чегинде бузулууга жатат. Бул жерде ээлеп турган адамдар менен жергиликтүү бийлик сүйлөшүү жүргүзүп, компроисттик чечимге келип, чечилиши керек деген ойдомун, деди башкы прокурор.
1-апрелде Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Исхак Масалиев, Улукбек Ормонов жана Элдар Абакиров Бишкек шаарында үйлөрдү бузуу маселесин көтөрдү.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан