Үйлөнүү үлпөт жайы уюштурулуп, бирок ал жакта чет өлкөлүктөргө интимдик кызмат көрсөтүлөрү аныкталды

  • 9 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөтүүгө адистешкен уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта бул топ расмий түрдө үйлөнүү үлпөт жайын уюштурган, бирок ал жерде чет өлкөлүк жарандардын бош убактысын өткөрүү үчүн жашыруун жай, ошондой эле интимдик мүнөздөгү кызмат көрсөтүү уюштурулганы аныкталганы белгиленди.

Ошондой эле жаш кыздарды официант катары ишке алуу схемасы түзүлүп, ар кандай шылтоо, анын ичинде коркутуу, опузалоо жана каржылык көз карандылык аркылуу сойкулукка тартууга активдүү аракет кылышкан.

Бул жай чакан чөйрө үчүн уюштурулуп, чет элдик жарандар гана бара ала тургандыгы өзүнө өзгөчө көңүл бурдурат (балким жашыруун тасма тартылып, алынган айыптоочу далилдер бул боюнча укук коргоо органдарына кайрыла албай турган чет элдиктерди шантаж кылуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн).

Тергөө жүргүзүлүп жаткан мезгилде ал жайда 30дан ашуун кыз жана 16 чет элдик жаран болгон. Бул иштерге жашы жете элек кыздардын тартылышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин (“сойкулук кылууга тартуу”) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында бул жайдын  уюштуруучулары “Б.Б.”, “М.К.” жана “Н.Ч.” кармалып, УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери улантылып жаткандыгы маалымдалды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты