Йемендеги тебелендиде кеминде 85 киши каза тапты

  • 1 год мурун

Йемендин борбору Санада мектептеги садага таратуу учурунда болгон тебелендиден кеминде 85 киши набыт болуп, 300дөн ашууну жарат алды.

Бул тууралуу борборду көзөмөлдөгөн хуситтердин расмий өкүлдөрү билдирди.

Хуситтердин айтымында, тепсендиге «адамдардын көптүгү» себеп болгон. Алардын айтымында, мектептин дарбазасы ачылары менен эл акча бөлүштүрүү жүрүп жаткан короого алып баруучу кууш тепкичтерди көздөй агылган.

Күбөлөрдүн айтымында, хуситтер асманга ок чыгаргандан кийин тополоң күчөгөн. Associated Press агенттиги кабарлагандай, асманга атылган ок электр зымдарына тийип, жарылуу болуп, жүздөгөн кишилер дүрбөлөңгө түшкөн.

Курман болгондордун арасында көптөгөн аялдар жана балдар бар. Йемендин Al Masirah телеканалы жарыялаган видеодо чогулгандардын арасынан чыга албай жаткандарды, өлүктөрдү көрүүгө болот.

Трагедия мусулмандардын Орозо айт майрамынын алдында акча таратуу боюнча салтка айланган иш-чарада болгон. Дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнүн бири болгон Йемендин борборунда жергиликтүү ишкерлер жардамга муктаждарга 5 миң Йемен риалы (болжол менен 20 доллар) таратыларын жарыялашкан.

Хуситтердин расмий өкүлдөрү «бийликтин макулдугусуз» өткөн иш-чаранын эки уюштуруучусу кармалганын кабарлашты. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 2000 доллардан жана жабыркагандарга 400 доллардан төлөп берүүнү убада кылышты.

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинин маалыматы боюнча Йеменде 21 миллиондон ашуун адам – өлкөн калкынын үчтөн экиси жардамга жана коргоого муктаж.

Сүрөт: Санадагы тебеленди. AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты