Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы быйылкы садага-битирдин өлчөмүн бекитти

  • 2 месяца мурун

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Кыргызстандагы мусулмандар үчүн 2025-жылдагы садага-битир берүүнүн тартибин бекиткенин билдирди.

Садага-битир ар бир жан башына буудай, ун жана мейизден 1 кг 600 грамм, ал эми арпа жана курмадан 3кг 200 грамм же алардын акчалай баасынын өлчөмү берилет.

Бул базар баасы менен алганда бир адамга 80 сомдон эсептелет.

Баалардын туруксуздугуна байланыштуу, садага-битирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууну эскертти.

Садага-битир берүүчү адам көрсөтүлгөн азыктардын кайсынысынан берсе, өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөк берсе да болору белгиленди.

Битир-садаганы мусулмандар мечиттерге, муктаж адамдарга бере алат. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкө аймагындагы мечиттерде зекет, битир-садага жана садага төлөмдөрүн «Finik» төлөм платформасы аркылуу QR-код менен кабыл алуу системасын ишке киргизди.

Быйылкы орозо айы 1-мартта башталары күтүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты