“Йакын инкаар” диний-экстремисттик агымынын 9 мүчөсү кармалды

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Нарын облусунун ички иштер башкармалыгы менен бирге козголгон кылмыш иштин алкагында жана соттун санкциясы менен Нарын облусунун Ат-Башы районунун Большевик айылында “Йакын инкаар” диний-экстремисттик агымынын 9 активдүү мүчөсү жашаган жерлерде тинтүү иштерин  жүргүздү.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматы боюнча,  “Йакын инкаар” диний-экстремисттик агымына тиешелүү көптөгөн экстремисттик мүнөздөгү китеп, дептер жана журнал, ошондой эле электрондук ноутбук, флешка жана телефондор табылды.

Алынган материалдар боюнча соттук экспертизалар дайындалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде “Йакын инкаар” диний-экстремисттик агымынын 9 мүчөсү кармалып, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Уюмдун 3 мүчөсү  аталган экстремисттик агымдын идеологиясынан баш тартты.

Сүрөт: УКМК басм сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты