Израилде убактылуу «чукул» өкмөт түзүлөт

  • 7 месяцев мурун

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен оппозициялык «Улут биримдиги» партиясынын лидери Бени Ганц убактылуу «чукул» өкмөт түзүү боюнча макулдашууга келди. Бул тууралуу жергиликтүү Ynet басылмасы жазды.

Сүйлөшүүлөргө ылайык, аскердик кабинеттин курамына Нетаньяху, Ганц жана өлкөнүн коргоо министри Йоав Галант кирет.

«Согуш жүрүп жаткан маалда согушка тиешеси жок эч кандай мыйзам долбоорлору жана өкмөттүн чечимдери сунушталбайт. Жетекчилик кызматтарга дайындалган адамдардын баарынын ыйгарым укуктары автоматтык түрдө узартылып турат» деп жазды Ynet .

Буга чейин «чукул» өкмөт түзүү сунушун израил парламентиндеги партиялардын көбүнүн лидерлери колдоп, бул ишти премьер-министрге тапшырышкан.

ХАМАС жана «Ислам жихады» уюмдарынын куралдуу жоочулары Израилдин түштүгүнө 7-октябрда кол салышкан. Акыркы маалыматтар боюнча, Израилде 1 200 киши, анын ичинде чет өлкөлүктөр да каза болду. Жүздөн ашык киши жихадчылардын туткунунда калууда.

Израил бул кол салууга жооп катары «Темир кылыч» операциясын жарыялап, Газа секторундагы объектилерге сокку ура баштаган. Бир нече күндүн ичинде израил армиясына жүз миңдеген резервисттер тартылган.

Палестина тараптын маалыматына караганда, Израилдин соккуларынан Газада миңге жакын киши өлүп, 260 миңден ашык тургун үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.

11-октябрда Израилдин бардык аймагында, анын ичинде Хайфа шаарында да аба айгайы жаңырды. ХАМАСка тиешеси бар Телеграм-каналдар Ливан тараптан Израилдин түндүк аймактарынын 160 чакырымдык радиустагы жерлери аткыланганын кабарлашты.

Израиль армиясы Ливан тараптан өлкөнүн аба мейкиндиги бузулганын билдирип, жергиликтүү тургундарды далдоо жерлерге жашырынууга чакырды.

Израил басылмалары Ливандагы «Хезболла» радикал тобу мындай аракеттери менен Израилди түштүктөгү аскерлеринин бир бөлүгүн түндүк тарапка тартууга аргасыз кылууну көздөп жатат деп божомолдоодо.

Сүрөттө: Биньямин Нетаньяху. AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты