Израилде бир шаардын калкы толук эвакуацияланууда

  • 6 месяцев мурун

Израилдин түштүгүндөгү 30 миңге жакын киши жашаган Сдерот шаарында өлкө тарыхында алгачкы жолу жапырт эвакуация башталды. Бул тууралуу The Times of Israel басылмасы аталган калаанын башчысы Элад Калимиге шилтеме кылып кабарлады.

Шаар мэринин айтымында, бүгүнкү күнгө карата болжол менен калктын үчтөн экиси эвакуацияланды. Дагы бир нече миң киши жакынкы убактарда калаадан чыгарылат деп күтүлүүдө.

«Тургундар Тель-Авив, Иерусалим жана Эйлатка жайгаштырылып жатат. Түрдүү себептерден улам шаар калкынын 10% эвакуациядан баш тартышы мүмкүн»деди Калими.

Сдерот шаары Негев чөлүн өздөштүрүү программасынын алкагында 1950-жылдардын башында негизделген. Ал Газа сектору менен чек арадан бир нече чакырым алыс жайгашкан.

Сдерот 7-октябрдагы кол салуудан кийин бир нече саат ХАМАС жана «Ислам жихады» топторунун куралдуу исламчыларынын көзөмөлүндө болуп турган. Бул эки топ тең дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө террордук уюм деп табылган.

Израил Коргонуу армиясынын куралдуу топторго каршы күтүлүп жаткан операциясынын алдында Газа тилкесиндеги палестин жашоочулары да эвакуацияланууда. Алар сектордун түндүгүнөн кыйла коопсузураак түштүк бөлүгүнө көчүп жатышат. Бул эвакуация Израил күчтөрү жоочулардын кол салуусуна жооп катары Газа тилкесине абадан сокку уруп жаткан маалда ишке ашырылууда.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты