Израил жана «Хезболла» Ливандагы атышууну токтотуу тууралуу сүйлөштү
- 2 месяца мурун
АКШнын президенти Жо Байден Израил жана “Хезболла” Ливанда атышууну токтото тургандыгы тууралуу сүйлөшкөнүн билдирди.
Байдендин айтуусу боюнча, эки мамлекеттин атышууну токтотууну АКШ сунуштаган. Сунушту Ливан менен Израилдин өкмөттөрү кабыл алды.
Сүйлөшүүлөргө ылайык, ок атышуу 27-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 4:00дө токтойт. Андан тышкары Израил 60 күндүн ичинде Ливандын аймагынан аскерлерин чыгарып кетмекчи. Байден АКШ Ливандын түштүгүнө өз аскерлерин жайгаштырбайт. АКШ Франция жана башка өлкөлөр менен бирге жаңжалдашкан эки тарапка тиешелүү жардамдарды берет.
2023-жылдын 7-октябрында Израил Газа тараптан ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобунун кол салуусуна кабылган.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү