Израил согуштук аракеттерди бир аптага токтотууну сунуштады

  • 4 месяца мурун

Израил АКШ жана Евробиримдик террордук топ деп таааныган палестиналык ХАМАС тобуна Газадагы согуштук аракеттерди бир аптага токтотууну сунуштады.

Бул үчүн Израил түрмөлөрдөгү 40 палестиналыкты бошотууну убада кылууда. Бул тууралуу Axios басылмасы өз булактарына таянуу менен билдирди.

Басылма белгилегендей, сунуш катарлык ортомчулар аркылуу жасалды. Келишимдин алкагында, Израил 40тай кишини, анын ичинде аялдарды, 60 жаштан ашкан эркектерди жана медициналык жардамга муктаж адамдарды бошотору күтүлүүдө.

Басылманын өз булактарынын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Катардын премьер-министри ХАМАСтын элдешүү боюнча позициясын билдирген. Ага ылайык, Израил барымтадагылар боюнча сүйлөшүүлөр башталганга чейин чабуулдарын токтотушу керек.

Израилдин чалгын кызматы – «Моссаддын» башчысы Дэвид Барнеа эгер ХАМАС согушту токтоткусу келсе, куралын таштап, 7-октябрдагы чабуулга жооптуу болгон Газа тилкесиндеги лидерлерин Израилге өткөрүп бериши керек деп жооп берди.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын билдирген.

Сүрөт% AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты