Израил ХАМАСтын барымтасындагы дагы төрт киши каза болгонун кабарлады

  • 2 месяца мурун

Израилдин Коргоо күчтөрү былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу барымтага алган дагы төрт киши каза тапканын жарыялады.

Маалымат Израилдин чалгын кызматынан келип түштү. Барымтага алынгандардын сөөгү Газа тилкесинде.

Каза болгон төрт киши – 79 жаштагы Хаим Пери, 80 жаштагы Йорам Мецгер, 84 жаштагы Амирам Купер жана 51 жаштагы Надав Попплуэлл 7-ноябрдагы чабуулда уурдалган. Маалыматка караганда, алар бир нече ай мурун каза болушкан. Алардын кандай жагдайда каза болгону айтыла элек. ХАМАСтын согушкерлери бул адамдарды Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнис шаарына жакын жерде чогуу кармап турушкан. Алардын экөөнүн аялдары Нурит Купер жана Тами Мецгер күйөөсү менен кошо уурдалып, бирок 28-ноябрда алмашуу жолу менен бошотулган.

Өткөн жылдын 7-октябрында Израилдин түштүгүнө кол салуу маалында ХАМАСтын согушкерлери Газа тилкесине 251 кишини барымтага алышкан – алардын арасында израилдик жана башка мамлекеттердин жарандары да болгон. Ноябрда алардын айрымдары Израилдин түрмөлөрүндө, негизинен терроризм боюнча айыпталып жаткан палестиналыктарга алмашуу жолу менен бошотулган. Учурда ХАМАСтын барымтасында 120 адам – аялдар, кары-картаңдар жана балдар калууда. Алардын ичинен бүгүнкү күнгө карата 41 адам өлгөнү далилденди. Израилдин барымтадагыларды бошотуу талабында курман болгондордун сөөгүн кайтаруу да камтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты