Израиль гезиттери башкы беттерин кара түскө боёп чыгарышты

  • 9 месяцев мурун

Израилдин ири гезиттери өлкөдөгү сот реформасына каршылык иретинде башкы беттерин кара түскө боёп, «Израиль демократиясы үчүн аза күтүү күнү» деген жазуулар менен чыкты.

24-июль күнү кечинде Израилдин парламенти — Кнессет өлкөдө жапырт нааразылык жараткан сот реформасына байланыштуу биринчи мыйзам долбоорун жактырган. Ал Жогорку Соттун өкмөт чыгарган чечимдерди жокко чыгаруу укугун чектейт.

Израиль мамлекетинин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу үчүн Германияга барган Жогорку соттун төрагасы Эстер Хают баштаган судьялар аталган мыйзамга каршы жазылган доо арыздарды кароо үчүн шашылыш түрдө мекенине кайтып келишти. Алар даттанууларды маңызы боюнча кароо аяктаганга чейин мыйзамдын күчүн убактылуу токтото турган токтом кабыл алат деп күтүлүүдө.

Эгер Жогорку сот Кнессет кабыл алган мыйзамды жокко чыгарса, анда башкаруучу коалиция соттордун чечимдерин аткаруудан баш тартып, өлкөдө конституциялык каатчылык жаралышы мүмкүн. Мыйзам жокко чыгарылбаса сот реформасынын каршылаштары жапырт нааразылык акцияларын улантат. Мындай шартта аларды Израилдин кесиптик кошуундары да колдошу мүмкүн экени айтылууда.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен анын тарапташтары сот реформасы шайланбаган судьялардын ашыкча ыйгарым укуктарын чектөө үчүн керек экенин билдирүүдө. Реформанын каршылаштары соттор көз карандысыздыгын жоготуп, өкмөттүн чечимдерин көзөмөлдөө кыйын болуп калат деп эсептеп жатышат.

Сүрөт: Соттук реформага каршы Израилдеги нааразылык акциясы. Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты