Израиль Газанын жашоочуларына аймактын түштүгүнө көчүүгө буйрук берди

  • 7 месяцев мурун

Израилдин Коргоо күчтөрү Газа тилкесинин түндүк бөлүгүндө жайгашкан Газа шаарынын бардык тургундарын «коопсуздугу үчүн» үйлөрүн таштап, аймактын түштүгүнө көчүүгө чакырды.

«Жакынкы күндөрдө Израилдин куралдуу күчтөрү Газа шаарындагы активдүүлүгүн улантат жана карапайым жарандарга зыян келтирбөө үчүн бардык аракеттерди жасайт» деп айтылат билдирүүдө.

Израил армиясынын билдирүүсүндө бул Газа тургундарынын коопсуздугуна багытталганын, ХАМАСтын согушкерлери «Газа шаарында үйлөрдүн астындагы туннелдерге жана карапайым жарандар жашаган имараттардын ичине жашынып», аларды тирүү калкан катары колдонуп жатканы айтылат.

24 сааттык эвакуация буйругу бир миллиондон ашык адамга – Газа тилкесинин калкынын жарымына тиешелүү.

Буга жооп кылып ХАМАС Израилди «психологиялык согушка» айыптап, газалыктарды үйлөрүн таштап кетпөөгө чакырды.

Бул арада Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Израилдин Газа секторунун түндүк бөлүгүндөгү тургундарды 24 саат ичинде түштүк тарапка кетүүсүн талап кылган буйругун айыптады.

Бүгүн БУУ аймактагы абал боюнча чукул жыйынга чогулганы жатат.

Кечээ Израил бийлиги ХАМАС тобун «жер менен жексен кылууга» убада берген. ХАМАСтын 7-октябрда Израилге кол салуусунан бери эки тараптан жалпы 2,5 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты