Израил Газадагы согушту токтотуу боюнча Байдендин планын кабыл алды

  • 2 месяца мурун

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун тышкы саясат боюнча кеңешчиси Офир Фальк Sunday Times гезитине билдиргендей, Израил АКШнын президенти Жо Байдендин Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу планынын негизги жоболоруна макул болду.

Ошол эле учурда Офир Фальк долбоорду жеткилең эмес жана олуттуу жакшыртууну талап кылат деп мүнөздөдү.

«Биз макул болгон келишим анча жакшы эмес, бирок биз чындап эле бардык барымтадагылардын бошотулушун каалайбыз» деди Фальк.

Ошол эле учурда ал Израил барымтадагыларды кайтаруудан тышкары «геноцид үчүн жооптуу террордук уюм катары ХАМАСты жок кылууну» камтыган шарттарынан баш тартпай турганын белгиледи. Газа тилкесин көзөмөлдөгөн палестиналык ХАМАС тобу АКШ жана Евробиримдикте террордук уюм катары таанылган.

Нетаньяхунун коалициядагы эки ашынган оңчул өнөктөшү, каржы министри Безалел Смотрих жана улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир ХАМАС боюнча катаал эмес кандай гана келишим кабыл алынса, нааразылык иретинде өкмөттөн чыгып кетерин эскертишти. Израилдин оппозиция лидери Яир Лапид Байдендин планын колдоду.

31-майда АКШ президенти Жо Байден Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу жана барымтадагы израилдиктерди бошотуу боюнча жаңы планды ачыктаган.

Газада ок атышууну токтотуу планы үч этаптан турат. Биринчиси алты аптага созулуп, ок атышууну толук жана биротоло токтотууну, Израилдин аскерлерин Газа тилкесиндеги бардык калктуу аймактардан чыгарууну жана жүздөгөн палестиналык туткундарды барымтадагы бир катар израилдиктерге айырбаштоо менен бошотууну камтыйт. Өлтүрүлгөн барымтадагылардын айрымдарынын сөөктөрү да үй-бүлөлөрүнө кайтарылышы керек.

Экинчи этап согуштук аракеттерди биротоло токтотууну камтыйт. Бул этапта барымтада калган башка жарандар бошотулуп, израилдик аскерлер Газа тилкесинен чыгып кетишет.

«Акыры, үчүнчү этапта Газаны калыбына келтирүү боюнча масштабдуу планы башталат жана барымтадагылардын сөөктөрү үй-бүлөлөрүнө кайтарылат» деген Байден.

Египет, Катар жана башка өлкөлөрдүн ортомчулугу менен өткөн ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр бир нече жолу туңгуюкка кептелип, эки тарап тең бири-бирин жылыш болгон жок деп айыпташкан.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты