Израиль Газадагы операциясынын жаңы фазасын баштады

  • 6 месяцев мурун

Израил армиясы – ЦАХАЛ Газа шаарынын батыш бөлүгүн толук көзөмөлгө алып, кургактагы операцияларынын кийинки этабын баштоодо.

Бул тууралуу Израилдин коргоо министри Йоав Галант билдирди.

«Операция уланууда. Ал так жана тандалма, бирок абдан чечкиндүү түрдө жүргүзүлүүдө» деди министр.

Галант израил аскерлери «Аль-Шифа» ооруканасын тинтүү учурунда «маанилүү табылгаларды» табышканын баса белгиледи. Бирок кеп эмне жөнүндө сөз болуп жатканын так айткан жок. Буга чейин ЦАХАЛ оорукананын аймагында жайгашкан жихадчылар колдонгон туннелдин кире беришин көрсөткөн видеону жарыялаган. Ошондой эле «Аль-Шифадан» курал-жарак жана ок-дарылар табылганы кабарланган.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху америкалык CBS телеканалына берген маегинде палестиналык ХАМАС тобу барымтага алынгандардын бир бөлүгүн мурда «Аль-Шифа» ооруканасынын аймагында кармап турган деп айтууга олуттуу негиздер бар экени билдирген.

Нетаньяхунун айтымында, Израил аскерлери шаршемби күнү ооруканага киргенде барымтадагылар ал жакта жок болуп чыккан. Ал Израил өкмөтүндө барымтадагылар тууралуу маалыматтар бар экенин, бирок ал тууралуу канчалык аз айтылса, ошончолук жакшы экенин кошумчалаган.

7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилге кол салганда 1 200 кишини өлтүрүп, 200дөн ашуун адамды Газанын аймагына барымтага алып кеткен.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты