Израил Газада аскердик операциясын кеңейтип жатканын билдирди
- 1 ай мурун
Жекшемби күнү Израилдин армиясы Газа секторунда аскердик операциясын кенейте берерин билдирди.
Сектордун түндүк тарабында ХАМАС тобунун жоочулары менен болгон кармашта эки жөөт аскер кызматкери жарат алганы кабарланды. Өткөн суткада Израил ХАМАСтын 450 бутасына абадан сокку урганы, мындан тышкары Газага кошумча жүздөгөн жоокерлерди жана ондогон аскердик техникасын жөнөткөнү маалымдалган.
Ground Operations by the Israel Defense Force inside of the Northern Gaza Strip were Expanded even more last night with Hundreds of additional Troops and several Dozen Armored Vehicles said to have cross the Border into the Strip; these Forces alongside the Israeli Air Force are… pic.twitter.com/3vQoNM9auR
— OSINTdefender (@sentdefender) October 29, 2023
Операцияны кеңейтүү тууралуу Израилдин бийлиги жума күнү жарыялаган. Ошол эле маалда Газада жердеги операциянын масштабы дагы эле белгисиз. Азырынча израилдиктер ХАМАС көзөмөлдөгөн кайсы бир аймакты ээлегени тууралуу маалымат чыга элек. Бирок видеолор жөөт аскерлери Газанын түндүк тарабына киргенин көрсөтүүдө. Алар дагы бир ирет Газанын түндүгүндөгү тургундарды убактылуу түштүккө чыгып кетүүгө чакырды.
The New York Times басылмасы жазгандай, ошол эле учурда толук кандуу жердеги операция тууралуу кеп боло элек.
Газада иштеп жаткан эл аралык уюмдар абалды гуманитардык кризис же апаат деп баалап жатышат. Электр энергиясы жок, суу, дары, башка турмуш-тиричилик каражаттары тартыш болууда. Жекшембиде БУУнун палестин качкындарына жардам берүү боюнча агенттиги бир нече миңдеген кишилер Газадагы агенттиктин тамак-аш жана башка буюмдар сакталган кампасына кирип барганын билдирди.
Буга чейин ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги жөөттөрдүн аба соккуларынан каза болгон жети миңден ашык кишинин аты-жөнү жазылган тизмени жарыялаган. ХАМАС террордук тобу Израилге 7-октябрда кол салып, 1 400дөй кишинин өмүрү кыйылган. 200дөн көп киши барымтага алынган. Израил ошондон бери Газа тилкесине абадан сокку уруп жатат.
Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Сүрөт: Reuters.