Израил армиясы Газанын түндүк бөлүгүн көзөмөлгө алганын билдирди

  • 4 месяца мурун

Израил армиясы – ЦАХАЛ Газа тилкесинин түндүгүндө ХАМАС радикал тобунун түзүмдөрүн жок кылууну аяктаганын, эми согуштук операциялар анклавдын борбордук жана түштүк бөлүктөрүндө улантыларын билдирди.

ЦАХАЛдын өкүлү Даниэль Хагаринин айтымында, Израил армиясы аталган аймактагы ХАМАСтын түзүмдөрүн демонтаж кылуу, командирлерин, курал-жарактарын жана жер алдындагы туннелдерин жок кылуу боюнча максаттарына жетти.

Хагари эми израил армиясы согуштук операцияларын Газанын борбордук жана түштүк бөлүгүндө улантарын белгиледи.

7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаар-конуштарына кол салганда 1 200 киши набыт болгон. Кол салгандар 240тай кишини туткундап, Газа тилкесине алып кетишкен. Бир катар өлкөлөрдүн ортомчулугу менен барымтадагылар бошотулгандан кийин хамасчылардын жана башка согушкер топтордун колунда дагы 120дан ашуун киши калууда.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемеси согуш башталгандан бери израил армиясынын соккуларынан 22 миң кишинин өмүрү кыйылганын билдирди. Ишембиде бул мекеме соңку 24 саатта эле 120 өлүм катталганын жарыялады.

Сүрөттө: Газа тилкечиндеги Израил аскерлери. Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты