Израил армиясы Газа шаарын курчоого алганын жарыялады

  • 6 месяцев мурун

Израилдин кургактагы күчтөрү Газа шаарын толугу менен курчоого алды. Бул тууралуу Израил армиясынын өкүлү Даниель Хагари билдирди.

Анын айтымында, учурда Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС тобу менен элдешүү жана ок атышпоо тууралуу сүйлөшүү мүмкүн эмес.

Газа тилкесиндеги бомбадан баш калкалоочу жайга айланган БУУнун төрт мектеби акыркы 24 саатта аткылоого кабылды. БУУнун палестиналык качкындар боюнча агенттиги Жабалия лагериндеги мектепте 20 киши каза болгонун билдирди.

Израил армиясы Газа шаарын курчоого ала баштаганын бейшембиде Израил армиясынын башкы штабынын башчысы Герци Халеви жарыялган. Расмий маалыматтарга караганда, аймактагы операция учурунда 20дай израилдик аскер набыт болду.

Газа шаарында 640 миң адам жашайт, бул тилкенин жалпы калкынын 35% түзөт. Израил тарап бул шаар ХАМАС кыймылынын борборуна айланганын ырастоодо. Топ ал жерде инфраструктуранын татаал тармагын, анын ичинде жер астындагы туннелдерди курган.

Израил шейшемби жана шаршемби күндөрү Газадагы Жабалия качкындар лагерине абадан сокку урганда ХАМАСтын эки аскердик командачысын жок кылганын билдирген.

Учурда эл аралык коомчулук гуманитардык тыныгуу жарыялоого чакырууда. Камоолго алынган жана тынымсыз соккуларга туш болгон тилкенин тургундары азык-түлүк, күйүүчү май, таза суу, дары-дармектин тартыштыгынан жапа чегүүдө. ЮНИСЕФ бир нече күн мурун туздуу суу ичүүгө аргасыз болгон балдар ооруп жатканын эскерткен.

ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салгандан кийин жөөт армиясы Газаны бомбалап, бир нече күн мурун операция баштаган.

Газанын Саламаттык сактоо министрлиги жаңжал башталгандан бери 9 миңден ашык киши каза тапканын, анын 3 760ы балдар, 2 миңден көбү аялдар экенин билдирди.

Израил тараптагы жоготуулар 1 400 киши деп кабарланган, алардын 300 чактысы аскерлер. Дагы 200дөн ашуун киши ХАМАСтын барымтасында калууда.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты