Израил армиясы Газа секторундагы 500 бутага сокку урду

9-октябрга караган түнү Израилдин Коргоо күчтөрү Газа тилкесиндеги 500 бутага сокку урду. «Хамас» жана «Ислам жихады» радикал кыймылдарынын түзүмдөрү бомбаланганы айтылууда.

Күбөлөрдүн айтымында, соккулар түнү бою үзгүлтүксүз жасалган. Жергиликтүү тургундар болуп көрбөгөндөй кыйроолор жана курмандыктар бар экенин айтууда.

«Мен 2007-жылдан бери бардык салгылашууларды баштан өткөрдүм жана эч качан мындайды көргөн эмесмин» деп жазды «Гаарец» гезити Газанын тургунунун айткандарын.

Израил армиясынын билдирүүсүнө ылайык, бутага радикал исламчылардын сегиз штабы, ХАМАС кыймылы иштеген мечит жана Газа тилкесине курал-жарак жеткирилген өтмөктөр алынган. Бир күн мурун Израил бийлиги сектордун тургундарын үйлөрүн таштап кетүүгө чакырып, жардыруулар улана турганын эскерткен.

Бул арада Израилде соңку окуялардан улам каза тапкандар 9-октябрдын таңына карата 700дөн, жараат алгандар 2000ден ашты. Бул тууралуу Израил армиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты