Изделип жаткан жаш келиндин сөөгү Чоң Чүй каналынан табылды
- 7 месяцев мурун
Кант шаарында дайынсыз болуп изделип жаткан Асел Жанарбек кызынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 2005-жылы туулган Жанарбек кызы Аселдин Кант шаарында дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу арыз 15-февралда түшкөн. Бул иш боюнча кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси, адам уурдоо боюнча козголгон.
Бүгүн, 18-мартта, анын сөөгү Чоң Чүй каналынан табылды. Бул боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы маалымдалды.
Буга чейин изделип жаткан кыздын кийимдери каналдын жээгинен табылган.
Туугандары кыздын дайынсыз болор алдында жолдошу менен уруша кеткенин айткан.
Сүрөт: Издөө учурунан. ӨКМ
Муну бөлүшүү