Изделип жаткан жаран кармалды

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагынан 1983-жылы туулган, изделип жаткан  Д.А.ны кармады.

Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.
Мурда кармалган жарандын аты-жөнү башка болгон: 1983-жылы туулган С.В..  ИИМдин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Буга чейин ал ири өлчөмдөгү акча каражатын алдоого шектелип кармалган.

Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө ал үй—камагында жүргөнү менен соттун чакырууларына барбай койгон.  Ушуга байланыштуу соттук отурум үч жолу башка күндөргө жылдырылган.  2021-жылдын
декабрында сот тарабынан үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасы камакка алуу түрүнө өзгөртүлгөн. Жакында, соттун токтомуна ылайык, изделген1983-жылы туулган жаран Д.А. кармалып, Бишкек шаардык ИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты