Изделип жаткан киши аты менен кошо сазга чөгүп кеткен

  • 2 года мурун

Нарын шаарында издөөгө алынган жаран аты менен кошо сазга чөгүп кеткендиги белгилүү болду.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.  

Издөөгө алынган 66 жаштагы жарандын сөөгү 4-мартта саздан табылды. Ал Жумгал районуна караштуу Байзак айылынын Э.Т. аттуу тургуну болгон.

Туугандары аны 24-февралда үйдөн ат минип чыгып кеткен бойдон дайынсыз экенин айтып, 28-февралда ӨКМдин куткаруу кызматына кайрылган.

Жумгал районунан 6 куткаруучу тартылып, туугандарынын көрсөтмөсү менен Жумгал суусунун жээктеринен издөө ишин жүргүзүшкөн.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты