Издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен бирге жүргүзгөн ыкчам- издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1992-ж.13.01.т. К.А.Г. аттуу чет мамлекеттин жараны кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Ал “Экстремисттик коомчулукту уюштурууга” катышкандыгы үчүн чет мамлекеттин аймагында издөөдө жүргөн, ал Кыргыз Республикасынын аймагында айыптоодон жашырынып жүргөн.

Көрүлгөн чаралардын негизинде кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык, К.А.Г. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты