Издөөдө жүргөн Балыкчы шаарынын тургуну кармалды  

  • 2 месяца мурун

Уурулук үчүн издөөдө жүргөн 1990-жылы туулган Балыкчы шаарынын тургуну М.А. кармалды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ага Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан уурулук кылганы үчүн издөө жарыяланган. Бир нече жолу соттолгон, криминалдык чөйрө менен тыгыз байланышта болгон.

ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Бишкек шаарынын аймагында жасалган уурулукка анын тиешеси бар экендиги аныкталып, андан соң издөө жарыяланган.

Ал кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Былтыр күзүндө М.А. криминалдык чөйрөгө арналган видео кайрылуу жасагандан кийин, ички иштер органдарына суракка алынган. Андан соң криминалдык идеяларднан баш тартып, мыйзамдуулукту сактайм деп башка видео билдирүү жасаган болчу.

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты