Италиядагы кышкы Олимпиада оюндары: Бүгүн кыргызстандык Артур Сапарбеков мелдешке чыгат

  • 3 месяца мурун

Кыргызстандык спортчу Артур Сапарбеков лыжа жарышы боюнча классикалык спринтке 10-февралда, ал эми эркин стилде (коньки тебүү ыкмасы менен) өтүүчү жарышка 13-февралда чыгат. Мелдешти бүгүн, 10-февралда, саат 14:55те УТРК жана УТРК Спорт каналы аркылуу көрүүгө болот.

Мелдештердин программасына ылайык, Артур Сапарбеков лыжа жарышы боюнча классикалык спринтке 10-февралда, ал эми эркин стилде (коньки тебүү ыкмасы менен) өтүүчү жарышка 13-февралда чыгат.

Спорт чебери Артур Сапарбеков — 19 жашта. Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында туулган. Буга чейин бир катар эл аралык мелдештерге катышкан. Кийинки эле мелдештерин алсак, 2025-жылы февраль айында Кытайдын Харбин шаарында өткөн Кышкы Азия оюндарына катышкан. 2025-жылы февраль айынын аягында Норвегиянын Тронхейм шаарында өткөн лыжа жарыштары боюнча дүйнө чемпионатына катышып, кыргызстандык спортчулардын арасынан мыкты спортчу деп саналган.

Тимур Шакиров тоо лыжасы боюнча гигант слалом мелдешине 14-февралда, ал эми слалом мелдешине 16-февралда катышат.

6-февралдан 22-февралга чейин Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында өтүп жаткан XXV Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан тоо лыжасы боюнча Тимур Шакиров жана лыжа жарышы боюнча Артур Сапарбеков катышат.

Спортчуларыбызга ийгилик каалайлы!

Сүрөттө: Артур Сапарбеков. Дене тарбия жана спорт агенттиги

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты