Испаниядагы суу ташкында 60тан ашык адам каза тапты
- 5 дней мурун
- Видео
Бүгүн, 30-октябрда, Испаниянын Валенсия аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам, кеминде 62 адам каза тапканын жергиликтүү бийлик билдиргенин BBC жазды.
Жергиликтүү өкмөт өкүлү Карлос Мазон куткаруу иштери жүрүп жатканын, каза болгондордун так санын айтууга мүмкүн эместигин билдирди. Куткаруу иштерине миңдеген аскер адамдары тартылганы айтылды.
Испаниялык метерологдордун айтымында, сегиз саат ичинде бир жылдык жаан жаады. Валенсияда 150 миңден ашык адам электр жарыгысыз калды.
Акыркы маалыматтарда, каза тапкандардын саны 72 кишиге жеткени кабарланды. Испанияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.
Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Испаниянын түштүк жана чыгыш аймагында 60тан ашуун адамдын өмүрүн алган мөндүр менен нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон суу ташкынынын кесепетинен каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында, алдын ала маалымат боюнча, Кыргыз Республикасынын жарандары жок экендигин билдирди.
Кыргыз Республикасынын Франциядагы элчилиги Испанияда жүргөн кыргызстандык жарандар менен байланышта, болорун, элчиликтин ыкчам байланыш телефону иштээрин маалымдады. Ал аркылуу Испанияда жүргөн жарандар зарыл болгон учурларда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышат: +33 6 15 11 76 99, +33 1 71 60 37 04.
Сүрөт: AP/LETA