Испанияда ысыктан 360 киши каза тапты  

  • 2 года мурун

Испаниянын коомдук саламаттыкты сактоо институту адаттан тыш ысыктан улам өлкөдө каза тапкандардын саны 360 кишиге жеткенин билдирди.

Өткөн жума күнү эле 123 адам мерт болгон. 8-июлдан бери Европанын түштүгүндө өтө ысык болууда. Испаниянын айрым аймактарында температура 45 градуска чейин жетти.

Аптаптуу ысыктын толкуну Португалияны да каптады: өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 7 -13-июлда ысыктан 238 киши көз жумду. Алардын көбү улгайган жана өнөкөт оорусу бар кишилер болгон. 14-июлда Португалияда абанын температурасы 47 градуска чейин жеткен – бул абанын табы каттоого алына баштагандан берки өлкө аймагында июль айында байкалган эң жогорку температура.

Ысык жана катуу шамаалдан улам Европанын түштүк-батышында токойлор өрттөнүүдө. Франциянын Жиронда аймагында өрт коркунучунан улам 14 миңден ашуун киши көчүрүлдү: ал жакта 10 миң гектардан ашык жерди өрт чулгады. Франциянын 96 департаментинин 38инде «кызгылт сары» деңгээлдеги эскертүү жарыяланды.

Ысыктан улам Улуу Британиянын бир бөлүгүндө, анын ичинде Лондон, Йорк жана Манчестер шаарларында өзгөчө абал жарыяланды. Улуттук метеорология кызматы өз тарыхында биринчи жолу коркунучтун “кызыл” дэңгээлин жарыялады. Дарыгерлер адаттан тыш ысык өнөкөт оорусу барларга гана эмес, ден соолугу чың адам үчүн да кооптуу экенин эскертүүдө.

НАСАнын адистери Европадагы адаттан тыш ысык аба ырайын дүйнөдө климаттын өзгөрүшү менен байланыштырып жатышат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты