Испанияда Камчыбек Ташиев футбол боюнча кыргыз курамасы менен жолукту

  • 2 недели мурун

9-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси, ошондой эле Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Испаниянын Аликанте шаарында өтүп жаткан футболдук мелдеште Кыргызстандын U-20 жаштар курама командасы менен жолукту. Бул тууралуу аталган биримдик билдирип, видеосун жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, 9-январда кыргыз курама командасы испандык «Картахена» клубуна каршы окуу машыгуу жыйыны алкагындагы алгачкы контролдук беттешин өткөргөн. Жыйынтыгында кыргыз курамасы каршылашын 5-0 эсеп менен жеңген.

Оюнга Камчыбек Ташиев күбө болгон. «Оюндан соң КФБ жетекчиси футболчуларды жеңиши менен куттуктап, жаңы башкы машыктыруучунун жетекчилиги алдында команданын Азия Кубогуна болгон даярдыгы мыкты экендигин белгиледи»,- деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: Кыргыз футбол биримдиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты