Ишкерлердин салык санкциялары эсептен чыгарылды

  • 3 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын августунан тартып 2021-жылдын 1-октябрына чейинки мезгилде 9 миң 994 субъектинин 621,7 млн сом суммасында туум, айып жана салык санкцияларын эсептен чыгарган.

Анын ичинен 6 миң 876 салык төлөөчүгө 458,2 млн сом суммасындагы туум, санкциялар жана айып эсептен чыгарылды. Алардын ичинен туумдар 416,3 млн сомду, салык санкциялары – 41,9 млн сомду түздү. Бюджетке 4 миң 253 салык төлөөчүнүн салык карызынын негизги суммасы боюнча 443,4 млн сому төлөнгөн.

Дагы 3 миң 118 субъекттин 163,5 млн сом суммасындагы туум, айыптары жана санкциялары эсептен чыгарылды. Бюджетке 3 миң 677 салык төлөөчү тарабынан 307,6 млн сом суммасындагы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын негизги суммасы төлөнгөн.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты