Панфилов паркындагы окуяга байланыштуу аттракциондордун иши убактылуу токтотулду

  • 1 год мурун

Бишкекте Панфилов паркындагы окуяга байланыштуу андагы аттракциондордун иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

31-мартта Панфилов паркында аттракциондон 19 жаштагы кыз кулап кетип ооруканага жеткирилген. Анын абалы оор бойдон калууда. Кызга медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган.

Маалыматка караганда, кыз кулаган аттракционду иштеткен жаранга кылмыш-жаза кодексинин 274-беренесине ылайык, 35 миң сом айып салынган.

Баштапкы маалыматтар боюнча, парктагы аттракциондо коопсуздук курунун экөө үзүлүп кеткен.

Парктагы аттракциондордун техникалык абалы текшерилип жатат.  

Сүрөт: mnr.gov.kg

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты