Ишеничке кирип, алдап кеткен шектүү кармалды

  • 3 недели мурун

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер (РИИБ) башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, алдамчылыкка шектүү кармалды.  

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 5-июнунда Бишкек шаарынын Ленин РИИБине Н.М. 2025-жылдын 26-май күнү болжол менен саат 13:00 чамасында, ишеничке кирип, такси кызматында иштөө үчүн Honda Fit үлгүсүндөгү унааны ижарага берем деп, өзүн «С» деп тааныштырган жаран 15 миң сом алып, изин жашырып кеткендиги боюнча арыз менен кайрылган.

Аталган факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган А.С. аттуу жаран Ленин РИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда анын ушул сыяктуу дагы башка кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Ишеничке кирип, алдап кеткен шектүү кармалды

Сүрөт: Ленин РИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты