Ишембиликте 300 тоннадан ашык таштанды чогултулду
- 1 месяц мурун
15-мартта Бишкекте көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча эки айлыктын алкагында жазгы биринчи ишембилик өттү.
Борбор шаардын мэриясынын билдирүүсү боюнча, ишембиликте 353,5 тоннадан ашык таштанды жыйналды. Аны чыгарууга 95 даана атайын техника тартылган.
Жалпысынан ишембиликке 35 миң 297 адам катышып, 135,2 га аянт тазаланды. Борбор шаардын аймагын жашылдандыруунун алкагында 335 көчөт отургузулду, 217 бак-дарак буталды.
Ишембилик 15-мартта марттан 17-майга чейин созулат.
Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү