Исхак Масалиев: “Мага ууру деген сөз катуу тийди»

  • 2 месяца мурун

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Исхак Масалиев президент Садыр Жапаровдун алтын маселеси жана өзү айткан сын боюнча 17-майда “Азаттыкка” комментарий берди.

“Президент эмнеге ачууланды, билбейм. Мен берген маегимди (“Марал” радиосуна) кайра карап чыктым. Анда “Эдил Байсаловдор дароо чычалабай, видеону текшерип туруп жооп берсе болмок” деп айткам. Мунун эмнеси жаман. Анан мени “ууру” деп 15-20 жыл мурдагы казино маселесин көтөрдү. Мага ууру деген сөз катуу тийди. Видеодогу алтын башка бир компанияныкы же тасма жөн эле тартылган болушу мүмкүн. Муну Камчыбек Кыдыршаевичке тапшырма берип аныктап койсо болот да” деди Исхак Масалиев.

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин алтын  маселеси боюнча өкмөт текшерүү иштерин жүргүзсө болмок деп айтканы боюнча мындай деп жооп берди:

-Менин бир туугандарым Исхак Масалиевдей ууру же «казиношник» эмес. Кыргызстандан уурдап чыгып, чет өлкөлөрдөгү казинолорго миллиондоп уттуруп келип, ата баркы менен чалчандап жашагандардан эмес. Алар – ата тарбиясын көргөн адамдар.

Тескерисинче, чет өлкөлөрдөн бул жакка инвестиция алып келип жатышат. Мен бир туугандарыма жана үй-бүлөмө: “Мурдагылардын катасын кайталабагыла, алардын катасынан сабак алгыла, өмүр бою жашооңор Кыргызстанда өтөөрүн унутпагыла, эл менен болгула!” деп дайыма эскертип турам. Мен дагы мурдагылардын катасын кайталабайм. Үй-бүлө, бир-туугандарымды мамлекеттин ишине аралаштырбайм. Буга күчүм жетет,-деди Садыр Жапаров.  

«Эгер Исхак Масалиев менен Адахан Мадумаров же Болот Темировдор алтын тармагы эле эмес, башка тармактарда дагы уурулук болуп атат деген күмөндөрү болсо, мен бүгүн эле элдик көзөмөл комиссиясын түзүп, аларды эң башкы сабына адис кылып койгонго даярмын» деди мамлекет башчы.

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты