Ирригациялык тармактарды оңдоого 1 млрд сом бөлүндү

  • 2 года мурун

Ирригациялык тармактарды оңдоо жана тазалоо иштерине 1 миллиард сом бөлүндү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Айыл чарба министрлигинин суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, ирригациялык системалардын начарлашынан улам сугат иштеринде ири көлөмдөгү суу коромжуга учурап келген.

Мындан тышкары, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого 1,9 млрд сом бөлүндү,

Үрөнчүлүк чарбаларын жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жогорку түшүмдүү үрөн менен камсыз кылууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 1 млн 534 миң сом бөлүндү.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты