Ирина Карамушкина талапкер болууга арыз берди  

  • 2 года мурун

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Бишкек шаарынын № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө арыз бергендердин саны 17ге жетти.  

Кийинки болуп Свердлов шайлоо округу боюнча талапкерликке Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ирина Карамушкина талапкер болууга арыз жазды.    

Бишкек шаарынын Свердлов шайлоо округу боюнча:: экс-депутат Шайлообек Атазов, Муратбек Султанбеков, Эдил Бейшенбаев, Жусубалы Керимбаев, Назгүл Жолдошева, Жаныбек Асанбеков, Гуля Алмамбетова арыз берген.  

Биринчи май шайлоо округунан: Рыскелди Ммбеков, Адылбек Гапаров, Русланбек Акылбеков, Рысбай Аматов, Анвар Сартаев, Нурбек Токтакунов, Шадыкан Жакыпбеков,   Элвира Сурабалдиева арыз берген.

Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды. Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентте мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болот.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты