Ири зыян келтирген каржы пирамидасын жарнамалагандарга 150 миңден 200 миң сомго чейин айып салынат

  • 12 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Мыйзамга ылайык, кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин жоболорун актуалдаштыруу жана ири өлчөмдө зыян келтирүү менен финансы пирамидасын массалык маалымат каражаттарын жана интернет-ресурстарын колдонуу менен жарнамалоо үчүн жоопкерчиликти белгилөө, ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо каралган.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мыйзам 2023-жылдын 5-апрелинде Жогорку Кеңеште кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинде финансы пирамидасын ачык айкын, массалык маалымат каражаттарын жана интернет-ресурстарын колдонуу менен жарнамалоо, ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен коштолсо, 1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин (150 000 ‒ 200 000 сомго чейин) айып салуу жоопкерчиликтери белгиленген өзүнчө норма менен толукталды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты