Ири суммадагы акча тапкан көмүскө сүт цехи аныкталды (Видео)

Жылдык акча жүгүртүүсү 140 млн сом болгон көмүскө сүт цехи аныкталды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, алар узак убакыт бою фермерлер менен сүт фабрикаларынын ортосунда ортомчу болуп жүрүшкөн. Алар сүттү төмөн баа менен алышып, фермерлердин өздөрүнөн түз сатуусуна мүмкүнчүлүк бербей келишкен. Ортомчулар сүт сырьесун алгачкы иштетүүсүн ыплас шартта ишке ашырып келишкендиги аныкталды.  

Ортомчулар тапкан пайдасын жашырып келишкен. Текшере келгенде, көмүскө цехтин жылдык товар жүгүртүүсү 140 млн сомдой болгондугу билинди. Алардын кирешеден 34 млн сомдой салык төлөнбөй келген.      

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты