Ири суммада акча талап кылып жаткан чет элдик жаран кармалды

  • 8 месяцев мурун

Республиканын жогорку окуу жайларынын биринин дипломун тапшырууга көмөк көрсөткөнү үчүн мекендешинен 12,5 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылып, алып жаткан жеринен чет элдик жаран кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында чет өлкөлүк жаран айрым чет элдиктер (такталууда) менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, материалдык пайда алуу максатында жогорку окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын дипломдорун алууда мекендештерине-бүтүрүүчүлөргө жасалма тоскоолдуктарды жараткандыгы аныкталды.

Учурда кармалган чет элдик жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдарынын алкагында бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

УКМК басма сөз кызматы тараткан сүрөт

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты