Ири өлчөмдө мыйзам бузуу аныкталып, Караколдогу “Ак-Тилек” базарын ээлери мамлекетке өткөрүп берди   

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитти (УКМК) тарабынан Каракол шаарындагы «Ак-Тилек» кооперативинин жетекчилиги тарабынан финансылык-экономикалык ишмердүүлүктө бир топ мыйзам бузуулар жана өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык аракеттери аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында УКМК тарабынан «Ак-Тилек» соода-базар комплексинин жетекчилигинин кеңсесинде жана үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, алардын мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган документалдык материалдар табылды.

«Ак-Тилек» кооперативинин жетекчилиги өз ыктыяры менен аянты 29 119,6 м2, баасы 700 миллион сомдон ашкан «Ак-Тилек» базарын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп берди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты