Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип, Жогорку Кеңештин экс-депутаты кармалды

  • 9 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) «Береке» курулуш компаниясынын директору С.У.Ч. («Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты) өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кармалгандыгы жөнүндө маалымдады.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, 2019-жылдын 4-апрелинде С.У.Ч. менен А.А.нын ортосунда көп кабаттуу турак үй куруу жөнүндө үлүштүк катышуу келишими түзүлгөн. Келишимдин алкагында А.А.  курулуш үчүн Ош шаарынын аймагынан 45 сотук жер тилкесин берген.

“Келишимдин шарттарына ылайык, курулуш компаниясы курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайдын жалпы аянтынын 2750 чарчы метрин курулуш иштери аяктагандан кийин А.А.га өткөрүп берүүгө милдеттенген. Бирок С.У.Ч келишимдик милдеттенмелерин аткарбай, жер тилкесин өзүнүн атына мыйзамсыз каттатып алган.Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, С.У.Ч.га кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча айып тагылып, анын баш коргоо чарасы тергөө иштери аяктаганга чейин камакка алуу түрүндө тандалып алынды. Учурда тергөө иштери уланууда” деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка  шектелип, Жогорку Кеңештин экс-депутаты кармалды

Аталган «Береке» курулуш компаниясынын директору жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садиков Улугбек Чырмашович болуп эсептелет.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты