Ири өлчөмдө баңгизат ташыган жаран Ош-Бишкек жолунда кармалды (Видео)

  • 2 года мурун

ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы ыкчам-иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери  Бишкек шаарына өлкөнүн түштүк аймагынан  кара куурай тобундагы баңгизаттарды ташуу жана сатып өткөрүү каналына бөгөт коюу боюнча операцияны жүргүзүштү.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин аталган башкармалык кызматкерлери кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 2-бөлүмү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында 2022-жылдын 27-январь күнү болжол менен саат 00:30 чамасында  Токтогул шаарындагы Ош-Бишкек жолунан мурда карактоо үчүн соттолгон 1997-жылы туулган Р.А. аттуу жаран кармалды. 

Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда жанындагы баштыктан афган  чарсына окшош кочкул-жашыл түстөгү кара куурайдай өзгөчө кескин жыты бар зат табылган. Ошондой эле, кара барсетка табылып,
анын ичинде “Гашиш” жыттанган  кочкул-жашыл түстөгү скотч менен оролгон 30 таңгактагы зат болгон.  Алынган  заттын жалпы салмагы  2 кг. 788 граммды түздү.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жүрүүдө. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты