Ири өлчөмдө баңгизат сатууга шектүүлөр колго түштү

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өлкөбүздүн аймагындагы баңгизаттын оор түрлөрүн ири өлчөмдө сатуу фактысы менен уюшулган топ кармалды.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.   
Бал факт кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 2022-жылдын 25-февралында Баткен облусунун Лейлек районунун аймагында атайын ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүлүп,
К. уулу Э. кармалган. Анын баштыгынан скотчтолгон таңгактар табылып далил буюм катары алынган. Мындан тышкары бул кылмышка дагы бир шектүү катышкандыгы аныкталып, ыкчам-издөө иш-чараларын өткөрүү учурунда К.К. аттуу жаран кармалган.
Алынган заттар соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык таза салмагы 2 кг 16 гр. апийим экендиги аныкталган.
Кылмышка тиешелүү башка кишилер аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты